Афганистандагы кырдаалдан улам Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасына убактылуу өткөрүү түйүндөрүн орнотту

Афганистандагы кырдаалдан улам Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен

чек арасына убактылуу өткөрүү түйүндөрүн орнотту. Бул тууралуу УКМКнын

чек ара кызматынан билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, чет элдик

жарандар көзөмөл өткөрүү түйүндөрүнөн Кырызстан аймагына уруксат кагазынын

негизинде гана киргизилет. Кыргызстан Афганистан менен чектешпейт. Буга чейин

ислам жоочулары өлкөнүн Баткен облусуна коңшу Тажикстандан кирген учурлары болгон.