«Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү бекети жаңы режимде иштеп баштады

«Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү бекети жаңы режимде иштеп баштады.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөрүү түйүндө транспорттун бардык түрү үчүн,

кайра калыбына келтирүү иштерине байланыштуу чектөө киргизилди.

Оңдоо иштеринен кийин паспорт текшерген кабиналардын саны көбөйөт.

Ар бир багыт үчүн төрттөн тилке даярдалат. Ошондой эле күтүү залы пайда болмокчу.

Кошумчаласак, кыргыз-казак чек арасынан жөө адамдар таңкы саат 6дан

түнкү 12ге чейин өтө алышат. Транспорттор «Ак-Тилек», «Кең-Булуң»,

«Токмок» жана «Чалдыбар» көзөмөл өткөрүү бекеттерине жөнөтүлөт.