Билим берүү министрлиги мектептерде экинчи чейрек салттуу форматта өтөт деп ниеттенет

Билим берүү министрлиги мектептерде экинчи чейрек салттуу форматта өтөт деп ниеттенет. Ведомство жетекчиси Алмазбек Бейшеналиев билдиргендей, окуучулар тезирээк парталарга кайтып келиши керек.

 

Бирок бул өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Экинчи чейректен тарта окуучулар мектепке келип окуп калышына Республикалык штаб уруксаат берет. Белгилеп кетсек, окуучулар бүгүн каникулга тарашты.