Жалпы республикалык тестирлөө 115 борбордо өтүп жатат

Жалпы республикалык тестирлөө 115 борбордо өтүп жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, борборлордо медициналык түйүндөр уюштурулуп, дарыгерлер жана милиция кызматкерлери нөөмөттө турат.

 

Бүтүрүүчүлөрдүн дене табы текшерилип, жеке коргонуучу каражаттар тапшырылууда. Эске салсак, ЖРТга 42 миң 817 окуучу катталган. Тестирлөө 23-майга чейин уланат.