ФИФА Роберт Левандовскини жылдын мыкты футболчусу деп тапты

ФИФА “Бавария” клубунун жана Польша курамасынын чабуулчусу Роберт Левандовскини

жылдын мыкты футболчусу деп тапты. 2020-жылы 32 жаштагы Левандовски

“Бавариянын” курамында Чемпиондор Лигасын, ошондой эле Германия чемпионатын жана

Германия Кубогун утту. Ал эми жылдын мыкты машыктыруучусу деп эки жыл катары менен

“Ливерпуль” клубунун устаты Юрген Клопп табылды.