Кыргызстан Кытайга балык, картошка жана төө буурчак экспорттоону көздөп жатат

Кыргызстан Кытайга балык, картошка жана төө буурчак экспорттоону көздөп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

 

Анын айтымында, тиешелүү талаптар боюнча ведомство учурда кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Жеткирүүлөрдү баштоо үчүн продукцияларды текшерип, сапатын тастыктай турган сертификатталган лабораториялар зарыл, — деди министр.