Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда трассанын Беловодск жана Новониколаевка айылдарына тиешелүү 15-61-чакырымдарында иштер жүрүп жатат.
Курулуш иштери менен катар жолду бойлой бак көчөттөрү отургузулууда. Бишкек-Кара-Балта трассасын эмки жылы колдонууга берүү пландалып жатат.