Кыргызстанда туулуп-өскөн мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргой алды

Кыргызстанда туулуп-өскөн мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргой алды. Ал UFC 255 мелдешинин алкагындагы беттеште бразилиялык Женнифер Майяны жеңди.

 

Шевченко жеңил салмактагы титул үчүн беттешти. Анын алдында Валентинанын бир тууганы Антонина Шевченко да бразилиялык Ариана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен утту.