Дубай-Бишкек-Дубай каттамы эми жума сайын аткарылып турат

Дубай-Бишкек-Дубай каттамы эми жума сайын аткарылып турат. Биздин өлкөнүн Дубайдагы башкы консулдугунан билдиришкендей, алгачкы учактар 14-21-28-августка белгиленди.

 

Алар менен кыргызстандыктар, Кыргызстан жарандарына жакын тууган болгон чет элдиктер, эмгек визасы бар чет элдиктер, дипломатиялык өкүлчүлүктүн, элчиликтин кызматкерлери уча алат. Жүргүнчүлөр аэропортто COVID-19га акысыз экспресс-тест тапшырып сапарга чыгат.