Республика боюнча бүгүн 1 миң 902 мектепте окуу кадимки режимде башталды

Республика боюнча бүгүн 1 миң 902 мектепте окуу кадимки режимде башталды. Бул тууралуу бизге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Ведомстводон такташкандай, кеп аймактардагы мектептер тууралуу болуп жатат. Бул көрсөткүч эртең өзгөрүшү мүмкүн, анткени, ар бир айылга жана районго эпидемиологиялык абалга көз салып, тиешелүү чечим кабыл алуу тапшырмасы берилди.

 

Ал эми ордо калаа мектептеринде салттуу режимдеги окуу  18-январда башталат деп пландалууда.