Эртең шаардык кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.
БШКдан билдиришкендей, айылдык кеңештердеги үгүт 21-марттан тарта жүргүзүлөт.
Бардык үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда, башкача айтканда, 9-апрелде эртең мененки саат 8де аяктайт.
Эске салсак, айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында өтөт.
Добуш берүү 10-апрелге белгиленген.