Президент Сооронбай Жээнбеков башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзам долбооруна кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык, “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген расмий макамга берилет.

 

Аларга тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгуу, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт.

 

Мындай макамды далилдөөчү “Мекен-карт” деген мамлекеттик документ   10 жылга берилет. Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга бул мыйзам иштебейт.