Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 19-октябрда кечки саат 4төр чамасында Ош облусунун аймагында болду.
Анын күчү Өзгөн районунун Салам-Алик, Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 3 баллга, Жерге-Тал айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.