Бишкек үй куруу үчүн эң кымбат аймак деп табылды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ордо калаада орточо эсеп менен жеке турак-жай куруу чарчы метрине 31 миң 400 сомго айланат.
Ал эми тескерисинче, эң арзан аймак – Баткен жана Нарын облустары. Аталган региондордо үй салуу – чарчы метрине 15 миң сом болот.
Статкомдон белгилешкендей, бул ордо калаага салыштырмалуу, дээрлик эки эсе арзан.