Ысык-Көл облусунда Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Ысык-Көл облусунда Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жана 13 атайын техника иштеп жатат.

 

Унаа жана жолдор министрлигинен белгилешкендей, быйыл жалпысынан   81 чакырымды түзгөн трассанын 6,5 чакырым тилкесине асфальт төшөө каралган.