Ош шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, коомдук унааларда
жүргүнчүлөр бет капчан болуп, аралык сакталышы зарыл.
Базарлар жумасына бир жолу жабылып, дезинфекцияланат.
Ал эми тойкана, ресторан-кафелерде адамдардын саны 50 пайыздын ашпашы шарт.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу үч мобилдик топ кызмат кылат.
Ошондой эле коомдук жайлар жана муниципалдык аймактык
башкармалыктарда түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.