Бишкектин айрым аймагында 12 күнгө газ өчүрүлөт.
«Газпром Кыргызстан» ишканасынан түшүндүрүшкөндөй,
28-июндан 9-июлга чейин Садырбаев, Лев Толстой, Миңжылкыев,
Тыналиев, Ала-Арча дарыясы, Масалиев көчөлөрү жана Жал-23,
«Ротор» от казаны менен чектешкен аймактарда көгүлтүр от берилбейт.
Убактылуу чектөөлөр мындан 45 жыл мурда орнотулган жер
алдындагы түтүктөрдү алмаштыруу иштерине байланыштуу.