Бишкектин Ала-Тоо аянтын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу «Бишкекбашкыархитектура» МИ коллегиялык жыйынында борбор калаанын башкы архитектору — ишкананын башчысы Урмат Карыбаев билдирди.
Анын айтымында, борбордук аянтты маданий жана туристтик объектке айлантуу мерчемделүүдө.
«Павильондордо атайын фирмалык жана эксклюзивдүү бутиктер жайгашат», — деди Карыбаев.