Жол кызматтары стратегиялык маанилүү трассаларды кардан тынбай тазалап, интерттүү материалдарды сээп жатат.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолдун тилкелеринде жана Талас-Тараз-Суусамыр трассасынын Өтмөк ашуусунда иштер кызуу жүрүүдө.
Ведомство тоолуу аймактарга сапарга чыккан айдоочуларга этият болуп, ылдамдык режимин сактап, атайын техниканын ишине тоскоолдук жаратпоону сунуштайт.