Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-апрелде Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун
208-чакырымында болжол менен жалпы көлөмү 3 600 куб метр кар көчкү түшкөн.
Унаа жол бир тараптуу жабылган.