Ордо калаанын 6 миңден ашык тургуну жарыксыз калышы мүмкүн

Ордо калаанын 6 миңден ашык тургуну жарыксыз калышы мүмкүн. “Түндүкэлектр” 31-майдан тарта карызы бар керектөөчүлөрдү электр энергиясынан аралыктан өчүрүп баштайт.

 

Андыктан, береселерди ага чейин төгүү сунушталат. Муну терминалардан же электрондук капчыктардан ишке ашырса болот. Бөлүштүрүүчү компаниядан белгилешкендей, бишкектиктердин жарык үчүн карызы 62 миллион сомду түзөт.