Кыргызстанда ушул жумада калкты жана турак-жай фондун каттоо башталат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 25-марттан 3-апрелге чейин жарандарга атайын операторлор тарабынан 40тан ашык суроо берилет.
Аларга үй-бүлөнүн бир эле мүчөсү жооп берип койсо болот. Чогултулган жеке маалымат сыр болуп сакталат.
Калкты каттоо биринчи ирет уюлдук тиркеме аркылуу жүргүзүлөт. Эске салсак, Кыргызстан калкын каттоо 2020-жылы өтмөк, бирок пандемиядан улам процедура жылдырылган болчу.