Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 48 миллион 344 миң сом жумшалат

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 48 миллион 344 миң сом жумшалат. БШК бул каражат шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен операторлордун кызматтык сапарларына жумшаларын билдирди.

 

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

 

Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып Токмок, Ош, Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлга дайындалды.