“Кара-Кече” көмүр кенине убактылуу жол курулду

 

“Кара-Кече” көмүр кенине убактылуу жол курулду. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, эми жүк ташуучу машинелер кенге эч тоскоолдуксуз жете алат.

 

Эске салсак, августтун ортосунда Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында таштар түшкөн. Жыйынтыгында, электр мамылар кулап, көмүр кенине жол буулуп калган болчу.