Мектептерге электрондук кезекке туруу системасына 6 миллион сом сарпталды

Мектептерге электрондук кезекке туруу системасына 6 миллион сом сарпталды.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул суммага системаны иштеп чыгуу,

жабдууларды сатып алуу жана промо материалдарды алуу кирди. Бул жумушчу

долбоору алкагында Бишкектеги мектептерге 19 миңден ашык окуучу кабыл алынды.

Мындай системаны кийинки окуу жылына карата Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя,

Кара-Балта, Токмок жана Балыкчы шаарларында ишке ашыруу пландалууда.