Бишкек шаарынын курултайы 10-октябрда өтөт

Бишкек шаарынын курултайында элдик курултайга барчу делегаттар тандалат жана шаар мэри 2022-жылдын биринчи жарымында жасалган иштер тууралуу отчет берет. Буга байланыштуу шаардык кеңеш токтомдун долбоорун даярдады.

Элдик курултайга Бишкектен 500 делегат катышат.

Президент Садыр Жапаров 16-августта ушул жылдын 25-ноябрында элдик курултайды чакыруу тууралуу жарлыкка кол койгон жана жол-жобосу бекиген.

Ал Фейсбуктагы баракчасына «курултайда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жазган жана бийлик делегат тандоого кийлишипейт», деп билдирген.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Элдик курултай институту тууралуу берене 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда да бар эле. Анда курултай жөнүндө конституциялык мыйзам жазылып, бирок кабыл алынбай калган.