Кыргызстанда дизелдин баасы дагы өсөт. Күз мезгилине карата божомолду Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов берүүдө. Анын айтымында, Россиянын ички рыногунда күйүүчү майдын тартыштыгы катталды.
Бул 3 ири заводдун оңдоо иштерине жабылганына байланыштуу. Андан тышкары, мунайга болгон баанын өсүшү дүйнөлүк тенденция.
Учурда Бишкекте дизелдин литри 75 сомдун тегерегинде, былтыр августтун аягында 49 сом болчу.