Нарында инфекциялык оорукананын курулушу уланууда.
Республикалык штабдан билдиришкендей, медициналык мекеме 70 орунга чакталат.
Аталган оорукана толугу менен жаңыдан салынууда. Буга аймакта оңдоп-түзөөгө
ылайыктуу мекеме жок болгону себеп болду. Учурда объектиде 50 адам иштеп жатат.
Курулушка каражат мамлекеттен бөлүнүп берилди.