Россиядан Кыргызстан жана Казакстанга которууларды ыкчам төлөмдөр аркылуу жүргүзүү мүмкүн болот

Россиядан Кыргызстан жана Казакстанга которууларды ыкчам төлөмдөр аркылуу жүргүзүү мүмкүн болот. Бул тууралуу “Известия” басылмасы эки өлкөнүн улуттук банктарына шилтеме келтирип билдирет.

 

Маалыматка ылайык, россиялык ири банктар жаңы функционалдын пайда болушун колдоп, 2022-жылы Кыргызстан жана Казакстанга акча которуулар кескин өскөнүн белгилешти.