7 миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн 2 наристенин ата-энесине 200 миң сомдон тапшырылды

7 миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн 2 наристенин ата-энесине 200 миң сомдон тапшырылды.

 

Президенттин аймактардагы өкүлчүлүктөрүнөн билдиришкендей, Жалал-Абадда удаалаш наристени Кыр-Жол айылынын  19 жаштагы тургуну Сардиана Омуралиева жарыкка алып келсе, Таласта бала Чолпонбай айылындагы Кумар Аксокуев жана Нурлуукыз Бактыбек кызынын үй-бүлөсүндө төрөлдү.

 

Белгилеп кетсек, 7 миллионунчу болуп төрөлгөн Жакшылыкка депозит ачылып, ага 1 миллион сом которулган.