Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн болжол менен 250 млн доллар керектелет

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо үчүн болжол менен 250 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген мекемелер аралык комиссиянын жыйынында белгилүү болду.

 

Маалыматка ылайык, сумманын 150 миллион доллары ЖЭБди реконструкциялоого жана модернизациялоого кетет, 21-отказанды калыбына келтирүүгө жана бешинчи турбогенераторду алмаштырууга болжол менен 100 миллион доллар сарпталат.

 

Белгиленгендей, учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн каржы булактары изделүүдө.