Кыргызстанда коронавируска байланыштуу түз байланыш номуру иштеп баштады

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу түз байланыш номуру иштеп баштады. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, эпидемиологиялык кызмат департаментинде 0312 22-32-02 номуру иштеп жатат.

 

Каалоочулар ага чалып, вирустан коргонуу эрежелерин кененирээк биле алат. Чиновник белгилеп өткөндөй, Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Бирок дарыгерлер ага туруштук берүүгө даяр. Өлкөдө дары-дармектер жана медициналык беткаптар жетиштүү өлчөмдө бар.