Бишкек — Ош жолу өткөн Суусамыр өрөөнүндөгү жылкыларга кечкисин жарыкты чагылдыруучу тасмалар тагылууда

Бишкек — Ош жолу өткөн Суусамыр өрөөнүндөгү жылкыларга кечкисин жарыкты чагылдыруучу тасмалар тагылууда.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул айдоочуларга жылкыларды алыстан байкап, кырсыкка кабылуу учурларын алдын алууга багытталган иш-чара.

 

Жарыкты чагылдыруучу тасмаларды жол милициясынын өкүлдөрү жана мал ээлери тагышууда.