Бишкекте 100 миң сомдук социалдык жардам алууга 10 арыз жактырылды

Бишкекте 100 миң сомдук социалдык жардам алууга 10 арыз жактырылды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын биринчи отуруму өттү.

Анда жалпысынан 15 арыз каралып, анын ичинен 10 документ канааттандырылды.

Белгилеп кетсек, социалдык контракт — бул аз камсыз үй-бүлө менен социалдык коргоо органынын ортосунда түзүлгөн келишим.

Анын шарттары боюнча мамлекет кайтарымсыз каражат берет, өз кезегинде жаран үй-бүлөсүнүн материалдык шарттарын жогорулатуу боюнча милдеттенмелерди алат.