Кыргызстандагы Казарман ГЭС каскадын казакстандык компания курат.
Бул боюнча меморандумга “Электр станциялары” ишканасы менен кол коюлганын Novosti.kgге аталган компаниянын басма сөз кызматынан ырасташты.
Тараптар казакстандык компания Ала-Бука ГЭС, Кара-Булуң ГЭС-1, Кара-Булуң ГЭС-2, Тогуз-Торо ГЭСинен турган Казарман ГЭС каскадын курууну баштай турганын макулдашты.
Маалыматка ылайык, курулушту 5-6 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.
Каскаддын жалпы кубаттуулугу 1 миң 160 МВт.
Курулуш иштеринин сметалык баасы 1 миллиард долларды түзөт.