29-декабрдан тарта өлкөнүн өрт өчүрүүчүлөрү кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт. Өрткө каршы күрөшүү мамлекеттик башкармалыктан билдиришкендей, мындай режимде кызматкерлер 2-январга чейин иштейт.
Ал эми жаңы жылдык түндө бардык курам нөөмөттө турат. Мындай чара ар кандай учурларга ыкчам таасир берүү үчүн кабыл алынууда.