Өткөн жылы республика боюнча 15 миңден ашуун түгөйгө нике кыйылды

Өткөн жылы республика боюнча Муфтият тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү шарияттык нике каттоо журналына 15 миң 119 үй-бүлө катталган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Нике каттоо журналына каттоодо имамдар никеге туруп жаткан жубайлардын өздүгүн тактоочу паспортторун талап кылат жана мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон жарандарга гана шарияттын негизинде нике кыюу жөрөлгөсүн жүргүзөт.

 

Эскерте кетсек, нике каттоо журналы муфтий Максатбек Токтомушевдин 2016-жылдын 21-ноябрындагы буйругунун негизинде иштелип чыгып, 2019-жылдын 12-июнунда ишке киргизилген. Шарияттык нике каттоо журналы бир гана Муфтияттын түзүмүндөгү расмий дин кызматкерлерине атайын окутуудан өткөндөн кийин гана тапшырылат.