Бишкекте 5 мектеп жана 5 бала бакча пайда болот.
Мэриянын маалыматына ылайык, билим берүү мекемелери
«Ак-Ордо», «Алтын-Ордо», «Рухий-Мурас», «Ак-Бата» жана
«Ак-Босого» конуштарына туура келет, ал эми мектепке
чейинки даярдоо мекемеси «Ак-Ордо», «Арча-Бешик»,
«Кара-Жыгач», «Дордой» жана «Келечек» конуштарында курулат.
Мекемелерди 2021-2023-жылдар аралыгында
пайдаланууга берүү пландалууда.