Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат.

 

Мэриядан билдиришкендей, ушул жекшемби ордо калаада эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Буга байланыштуу  17-сентябрда таңкы саат 6дан күндүзгү 10го чейин Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин, Иманалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин, Масалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин жана Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин кыймылга чектелет.

 

Жарандар маршрутту алдын ала пландап алышы керек.