Каржы министринин жаңы орун басары дайындалды

Үмүтжан Аманбаев Каржы министринин орун басары – Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

 

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Министрлер кабинетинин башчысы кол койгон башка тескеменин негизинде Каржы министринин орун басары – Финансы финистрлигинин Борбордук казыналыгынын директору Улан Даникеев ээлеген кызматынан бошотулду. Ал башка ишке өткөндүгү кабарланды.