Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасынын оюнчулары (U-23) «Үч улуттун кубогу» мелдешинин алкагында Непал курама командасы менен беттешет. Оюн Катманду шаарынын «Дасаратх Рангасала» стадионунда, Бишкек убактысы боюнча саат 17:45те башталат.
Мелдеш 21-мартта башталган. Ага Бангладеш жана Непал өлкөлөрүнүн футбол боюнча улуттук курама командалары жана Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы катышып жатат.
23-мартта Кыргызстандын курама командасы Бангладештин улуттук курамасы менен беттешип, 1:0 эсебинде утулду.