Ош облусунун Алай районунда жаңы мектеп пайда болду.
Жаңы-Алай айылында жайгашкан 225 орундуу билим берүү
мекемеси пайдалууга берилди, — деп билдиришти президенттин
аймактагы өкүлчүлугүнөн. Эки кабаттуу жаңы имаратта окуу корпусу,
спорт зал, ашкана жана жыйындар залы бар. Курулуштун сметалык
баасы 61 миллион сомду түздү, каражат республикалык бюджеттен берилди.