Бишкекте бүгүн жылуулук тармактарын сыноо иштери жүргүзүлүп баштайт

Бишкекте бүгүн жылуулук тармактарын сыноо иштери жүргүзүлүп баштайт. Жумуштар 19-июнга чейин созулат. Сыноо учурунда суу түтүктөрү жарылып, жол катмары жабыркашы мүмкүн, — деп эскертет “Бишкек жылуулук тармактары”.

 

Компаниядан түшүндүрүшкөндөй, бул кайра калыбына келтирүү иштеринен кийин ысык сууну шаар тургундарына берүү үчүн жана жылуулук сезонуна карата түтүктөрдү соңку текшерүүдөн өткөрүү үчүн зарыл иш-чара.

 

Бишкектиктерге этият болуп, авариялык учурлар катталса, Бишкек жылуулук тармактарынын диспетчердик бөлүмүнө кайрылуу сунушталат.