Учурда өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу жүрүүдө

Учурда өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу жүрүүдө. Абитуриенттерге катталуу үчүн эмне керектигин  Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

Албетте, документтердин топтому катталыш үчүн. Инсандыгын күбөлөндүргөн документ – бул паспорт 16 жашка чыккан болсо, туп нускасы керек. Ал эми 16 жашка чыга элек абитуриенттер сөзсүз түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана мектептен алынган справка керек. Андан тышкары, сүрөтү чапталып, анын чекеси мөөр менен басылышы керек. Андан тышкары, каттоо төлөмүн төлөшөт абитуриенттер

 

Белгилеп кетсек, ЖРТга электрондук катталуу 6-апрелге чейин уланат. Ал эми сынактын өзү 23-майдан 28ине чейин өтөт.