Бишкекте балдардын арасында курч респиратордук вирустарга жана пневмонияга кабылуу күч алууда

Бишкекте балдардын арасында курч респиратордук вирустарга жана пневмонияга кабылуу күч алууда. Мэриядан билдиришкендей, күн сайын клиникаларга орточо эсеп менен 500дөн ашык бала кайрылууда.

 

Буга байланыштуу ооруканалар эс алуусу жок иштөөсүн улантып жатат. Андан тышкары, шаардык балдар клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө дем алыш күндөрү кечки саат 8ге чейин медицина кызматкерлеринин нөөмөтү уюштурулду.