12-майдан баштап Нарын шаарындагы борбордук базарга унаа киргизилбейт

12-майдан баштап Нарын шаарындагы борбордук базарга унаа киргизилбейт.

Мындай тапшырманы, мэр Нурбек Молдокадыров тиешелүү кызматкерлерге берди.

Ал эми товарларды сатуу түйүндөрүнө түшүрүүгө эртең мененки саат 9га чейин жана

кечки 4төн кийин гана уруксат берилет. Белгилеп кетсек, Нарын шаарындагы

борбордук базар мурунку тартип менен түшкү саат 2ге чейин гана иштейт.