Бишкекте быйыл 55 билим берүү объектиси оңдоодон өттү.
Мэриянын маалыматына ылайык, 6 мектептин санитардык жабдуулары
алматырылды, ички жылытуу системасы 11 мекемеде жүргүзүлүп,
дагы 11 мекемеде чатыр алмаштырылды. Калган мектептерде капиталдык
оңдоо иштери аткарылды. Бүгүнкү күндө 53 объектте оңдоо иштери
толук аяктады. Дагы 2 мекемеде иштер аяктоо алдында турат.
Иштерди капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүздү.
Жумуштар бекитилген тизмеге ылайык аткарылды.