Бишкекте VIP маршруттук таксилер пайда болот

Бишкекте VIP маршруттук таксилер пайда болот.

Бул тууралуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда долбоор макулдашуу этабында жана жакын арада Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна сунушталат.

Белгиленгендей, мындай коомдук унааларга төлөм болжол менен 40-50 сомду түзөт.