Баткен облусунда мал кармагандар азаюуда.
Мындан улам быйыл эт 80 тоннага аз өндүрүлдү.
Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, аймакта кой/эчкинин саны 14 миң 262 башка, жылкынын саны 783 башка кыскарган.
Кошумчаласак, 2022-жылдын жарым жылдыгында республикадагы бардык категориядагы чарбалык субъектилерде 190 миң тоннадан ашык эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү.
Бул былтыркы жылга караганда 2,6 пайызга көп.