Кыргызстанда кумшекердин баасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Экономика министрлиги алдындагы Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, 31-октябрда министрлер кабинети тарабынан бекитилген азыкка болгон нөлдүк ставкалардын мөөнөтү соңуна чыгат.
Буга байланыштуу кызмат кант заводдору жана соода тармактары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, азыркы деңгээлдеги бааларды сактап калуу жөнүндө макулдашылды.